Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Косово менен Сербиянын өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсү уланат


Евробиримдик арачылыгы менен шейшембиде Брюсселде жолуккан Косово жана Сербиянын өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрү бүгүн уланат. Эки өлкө ортосундагы мамилени жөнгө салуу боюнча Косово премьер-министри Хашим Тачи менен серб өкмөт башчысы Ивица Дашичтин кечээки жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу эч кандай билдирүү болгон эмес.

Бирок Европа кеңешинин президенти Херман Вам Ромпию Брюсселдеги маалымат жыйынында Косово үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон виза режимин жеңилдетүү маселесин чечилип жатканын белгиледи.

2008-жылы Косово Сербиядан бөлүнүп, өз эгемендигин жарыялаган. Аны эркин мамлекет катары дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсү, анын ичинде АКШ, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр тааныган. Бирок Сербия Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тартып келет. Косовонун түндүк анклавындагы сербдер да Приштинанын бийлигине баш ийүүдөн көнбөй келишет.

Бул сүйлөшүүлөрдө расмий Белград дал ушул Косовонун түндүгүндөгү серб азчылыгынын бир катар кепилдиктерди талап кылып жатат. Муну менен катар Евробиримдикке мүчөлүккө өтүү үмүтү менен сүйлөшүүлөргө макул болууда.

XS
SM
MD
LG