Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Тунистин премьер-министри отставкага кетти


Хамади Жебали мындай чечими тууралуу өлкө президенти Монсеф Марзуки менен сүйлөшүүлөрүнөн соң жарыялады. Жебали өз отставкасын убактылуу техникалык өкмөт түзүү сунушу ишке ашпай калганы менен түшүндүрдү. Буга чейин ал Тунисте түзүлгөн саясий кризистен чыгуу өзү мүчө болгон исламдык "Эннахда" партиясына техникалык өкмөт түзүүнү сунуштап, бул сунушка партиялаштары көнбөсө, кызматтан кетээрин жарыялаган.

Тунистеги толкундоолор 6-февралда оппозиция лидери Чокри Белаидди атып кеткенден соң башталган. Мындай кырдаалда премьер-министр Хамади Жебали Тунистеги чыңалууну жөнгө салыш үчүн өкмөттү таркатып, техникалык өкмөт түзүү сунушу менен чыккан.

Хамади Жебали “Араб жазынын” башталышы болгон Тунистеги 2011-жылдагы ыңкылаптан соң өкмөт башчылыкка келген. Жакырчылык менен коррупцияга каршы массалык толкундоолор 2011-жылы январда Тунистин 23 жылдан берки мамлекет башчысы Бен Алинин бийликтен кетиши менен аяктаган эле.

XS
SM
MD
LG