Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

"Ата Журт" абактагы депутат Жапаровду жыйынга катыштыруу зарылдыгын айтышты


“Ата Журт” партиясынан депутат Курмантай Абдиев тергөө абагында жаткан депутат Садыр Жапаров парламентте Кумтөр маселеси каралып жатканда жыйынга катышууну суранып жатканын айтып, анын өтүнүчүн канааттандырып берүү өтүнүчү менен төрага Асылбек Жээнбековго кайрылды. Абдиевдин сөзүн депутат Жылдыз Жолдошева да колдоп чыкты.

Бирок төрага Садыр Жапаровду бир күн жыйынга катыштыруу боюнча "Ата Журт" фракциясынын каты менен таанышканын, катты ошол замат сотко жибергенин айтты. Жээнбеков Жапаровдун үстүнөн сот жүрүп жатканына байланыштуу бул маселени сот чечээрин айтты.

Бүгүн парламентте Кумтөр маселеси каралууда. Садыр Жапаров "Ата Журттун" лидери Камчыбек Ташиев менен чогуу былтыр октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолууда. (ZB/JAk)

XS
SM
MD
LG