Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Кыргызстандык дзюдочулар Германияда Grand Prix турнирине катышат


Кыргызстандын дзю-до боюнча тандалма командасынын мүчөлөрү 23-24-февралда Германиянын Дюсселдорф шаарында өтө турган Grand Prix турнирине катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Талант Беккулов билдирди.

Бул турнирде арбын упай топтогон балбандарга 2013-жылкы дүйнө чемпионатына жолдомо ыйгарылат. Ошондуктан таймаш курч мүнөздө өтүп, балбандар дүйнө жүзүндөгү эң мыкты 64 спортчунун катарына кириши керек.

Кыргызстандын намысын төмөнкү спортчулар коргойт: 60 кг. салмакта өлкө чемпиону Адилет Ботоканов, 66 кг. салмакта өлкө чемпиону Эдил Беккулов, 73 кг. салмакта өлкө чемпиону Руслан Жаныбек уулу, 100 кг. салмакта жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, 2010-жылы Сингапурда өткөн биринчи жаштар олимпиадасынын коло байге ээси, өлкөнүн көп жолку чемпиону Болот Токтогонов жана оор салмакта эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Лондон олимпиадасынын катышуучусу Юрий Краковецкий. Дюздочуларга баш-көз болуп, кеп-кеңеш айтуу үчүн улук машыктыруучу Талант Дүйшөнбеков да баратат.

Кыргызстандык делегацияны дзю-до федерациясына президент болуп жаңы шайланган Ырысбек Мааткабылов жетектеп баратат. (KMa/JAk)

XS
SM
MD
LG