Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Болгарияда өкмөт кызматтан кетти


Премьер-министр Бойко Борисов парламентте. 20-февраль, 2013-жыл.
Премьер-министр Бойко Борисов парламентте. 20-февраль, 2013-жыл.
Болгар өкмөтүнүн кызматтан кетиши электр энергиясына баа өскөнүнө жана жашоо стандарттарынын начардыгына нааразыланган эл тополоң салышынын артынан болуп олтурат. Премьер-министр Бойко Борисов бүгүн парламентте өкмөттүн кызматтан кеткенин жарыялап жатып, “бизди эл бийликке алып келген, бүгүн аны кайра элге берип жатабыз”,- деди.

Кечээ борбор Софияда полиция менен кагылыштан бир нече демонстрант жаракат алган. Борбордон башка дагы кеминде беш шаарда өткөн нааразылык акциялар акыркы он беш жылдагы демонстрациялардын эң ириси болду.

Болгар өкмөтү июлга мерчемделген парламенттик шайлоого жетпей кызматтан кетүүдө.

Эл нааразыланганда алгач өткөн аптада каржы министри иштен алынып, премьер- министр Борисов электр акысын көтөргөнү үчүн чехиялык бөлүштүрүүчү компанияны лицензиядан ажыратарын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG