Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

АКШ менен Кытай кибер чабуул боюнча кайым айтышты


Бул жолку айыптоолор АКШнын өкмөттүк мекемелери, жеке фирмалары жана медиа уюмдары кибер чабуулдун жаңы толкунуна кабылгандан кийин айтылды.

Буга байланыштуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни:

- Биз кибер уруулук боюнча тынчсыздануубузду Кытайдын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнө, анын ичинде армиясына утур-утур билдирип келгенбиз жана муну улантып жатабыз. Бул өтө маанилүү проблема.

Бирок Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү өкмөттүн хаккерлик ишке тартылганы боюнча айыпты негизсиз деп четке какты.

Бээжиндик дипломат белгилегендей, Кытай өзү хаккерлердин курмандыгы болуп келүүдө. Алардын көбү АКШдан жасалган чабуулдар.

Азыркы кайым айтышууга тушташ АКШнын айтылуу Apple компаниясы хаккерлер анын бир нече кызматкеринин компьютерине вирус киргизгенин айтып чыкты. Чабуулдун артында ким турганы белгисиз. (UE)

XS
SM
MD
LG