Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Kыргызстанда кеминде үч өкмөттүк сайт хакерлердин чабуулуна кабылды


ИИМдин сайты хакерлик чабуулдан кийин.
20-февраль, 2013-жыл.
ИИМдин сайты хакерлик чабуулдан кийин. 20-февраль, 2013-жыл.
Ички иштер министрлигинин (www.mvd.kg), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин антитеррордук борборунун (http://atc.kg), Мамлекеттик мүлктү башкаруу корунун http://spf.gov.kg) сайттары бузулду. Андан башка дагы “Air Bishkek” авикомпаниясынын (http://airbishkek.kg), http://sayasat.kg жана http://gde.kg интернет cайттары талкаланды.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Жоробай Абдраимов “Азаттыкка” бүгүн кечинде болгон окуяны мындайча комментарийледи:

- Анчалык деле чоң өзгөрүү жок. Бирок хакерлик чабуул болгону чындык. Эртең мененкиге чейин баарын тактайбыз. Он күн мурда эле өкмөттүн расмий сайтына да ушундай эле чабуул болгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин интернеттеги сайты бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки чаат сегиз ченде бузулду.

Чабуулдан кийин ИИМдин сайтынын башкы бетине чыккан сөздөргө караганда, аны өзбекстандык хакерлердин “Clone Security” деп аталган тобу жасаган. Алар “Биз расизмге каршыбыз” деп жазып коюшкан.

Бул топтун ысымын ачыктабаган өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде чабуулду 2010-жылдагы улут аралык кагылышка, өзбек азчылыгынын укуктары андан бери деле корголбой жатканына байланыштырды.

Ушул эле топ буга дейре Өзбекстандын мамлекеттик телеканалынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин сайттарын бузушкан. (UE)

XS
SM
MD
LG