Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Кумтөр боюнча токтомду келерки аптада кабыл алуу сунушталды


Мындай сунуш киргизген депутат Жылдыз Жолдошева анын себебин токтомго өзгөртүү киргизүү зарылдыгы менен түшүндүрдү. Жолдошева парламенттик жыйында көптөгөн сунуштар айтылганын, анын баары токтомду кабыл алууда эске алынуусу зарыл экенин белгилеп, ал үчүн эмки жума ичинде кайрадан талкуулоо керектигин билдирди. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев болсо депутаттарга кайрылып, мамлекеттик комиссиянын корутундусун колдоп берүүгө чакырды.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия өкмөткө 2009-жылы түзүлгөн акыркы келишимди бузууну сунуштап жатат. Бүгүн Жогорку Кеңеш мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулоону улантууда. Парламент кечке чейин бир чечимге келиши керек. (JAk)

XS
SM
MD
LG