Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча токтомду кабыл алган жок


Кумтөр алтын кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын отчету талкууланган соң депутаттар токтомду профилдик комитеттерде дагы карап, толуктоолорду киргизүү чечимине келишти. Токтом боюнча акыркы чечим 27-февралга чейин кабыл алыныш керек. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев эл өкүлдөрүнө кайрылып, токтомду кабыл алууда жеке кызыкчылыктарды артка, мамлекеттик кызыкчылыкты башкы орунга коюуга үндөдү. Парламентарийлер Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун эки күн удаа талкуулап, бир пикирге келе алышкан жок.

Мамлекеттик комиссия канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен 2009-жылы тузүлгөн келишимди кайра карап чыгуу зарыл деген чечимге келген. Комиссиянын корутундусунда канадалык компаниянын экологияга келтирген зыяны 6,7 миллиард сом деп бааланган. (JAk)

XS
SM
MD
LG