Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Медакадемия кызматкери 25 миң сом пара менен кармалды


Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортопедиялык стоматология кафедрасынын башчысы А.А.О жогорку медициналык билими бардыгы тууралуу дипломду 25 миң сомго даярдап берүү үчүн акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда УКМКнын тергөө башкармалыгы Кылмыш жана жаза кодексинин 166 жана (алдамчылык) жана 350-беренелерине ( жасалма документ, мамлекеттик сыйлык, мөөр, бланкаларды жасоо) ылайык кылмыш ишин козгоду. Колго түшкөн кафедра башчы учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. (JAk)

XS
SM
MD
LG