Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Башкы прокуратура сот чечиминен соң Бакиевдерди сурай элек


Беларус Башкы прокуратурасынын эл аралык укук бөлүмүнүн башчысы Олег Хлыщенко Бакиевдер тууралуу соттун чечиминен кийин аларды кайтарып берүү боюнча эч кандай билдирүү келип түшпөгөнүн Кыргызстандын айрым маалымат агенттиктерине айткан. Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Сейитжан Апышев соттун чечими прокуратурага келип түшө электигине байланыштуу Бакиевдерди кайтарып берүү боюнча билдирүү Белоруска жөнөтүлө электигин “Азаттыкка” бүгүн тастыктады.

Кечээ, 20-февралда Жогорку Кенештин эл аралык иштер боюнча комитети эл аралык парламенттик уюмдарга, анын ичинде КМШнын парламенттер аралык ассамблеясына, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жана ЕврАзЭШке кайрылуу кабыл алып, анда Минск конвенциясына ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиев жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгилешкен.

12-февралда Бишкек гарнизонунун Аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарып, анда мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү үчүн Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиев өмүр бою сыртынан кесилген.(JAk)

XS
SM
MD
LG