Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Медицинадагы жетишкендиктер үчүн 3 миллион доллар берилет


Медицина тармагындагы жетишкендиги үчүн Breakthrough Prize for Life фонду уюштурган сыйлыктын лауреаттары аныкталып, ага 11 окумуштуу татыктуу деп табылды. Эми алардын ар бири 3 млн доллар менен сыйланат. Бул каражат Нобел сыйлыгы менен кошо берилчү акчадан эки эсеге көп.

Breakthrough Prize for Life фонду түптөлгөнү тууралуу кечээ дүйнөдөгү белгилүү ишкерлер Юрий Мильнер, Google сайтын негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Брин, Facebook социалдык сайтынын ээси Марк Цукербергдер жарыя кылышкан. Алар фондду түптөөдөгү башкы максат катары адамдын өмүрүн узартууга жана оор илдеттер менен күрөшүү боюнча изилдөөлөрдү колдоо экенин айтышкан.

Фонддун негиздөөчүлөрү жыл сайын беш лауреатка үч миллион доллардан сыйлык берүүнү пландап жатышат. (JAk)

XS
SM
MD
LG