АКШнын Мамлекеттик департаменти Ирандагы Натанза уран байытуучу заводдо жаңы центрифугаларды ишке киргизишин чагымчыл кадам деп атады. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик департамент өкүлдөрү бейшембиде МАГАТЭ Иран уран байытуучу жаңы центрифугаларды ишке киргизгени тууралуу маалымат тараткан соң жасашты. МАГАТЭнин маалыматына караганда, Иран өлкөдөгү негизги уран байытуучу Натанзадагы заводдо мурдагы IR-2m деп аталган центрифугалардын ордуна жаңыларын алмаштырды. Жаңы центрифугалардын жардамы менен уран байытууну эки-үч эсеге тездетсе болот.
АКШ Ак үйүнүн маалымат катчысы Жей Карни расмий Вашингтон келээрки аптага мерчемделген дүйнөнүн ири державалары менен сүйлөшүүлөрдө Иран сөзгө келет деп үмүттөнүп жатканын билдирип чыкты. 26-февралда Казакстандын Алматы шаарында АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталат.
Эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү бар деп шек санаса, Тегеран программасы энергия алуу максатын гана көздөрүн айтып келет.