Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Армян президенти шайлоодо жеңилген атаандашын кабыл алды


Армениянын кайрадан шайланган президенти Серж Саркисян шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан талапкер, мурдагы тышкы иштер министри Раффи Ованнисян менен жолукту. Жолугушуудан соң Ованнисян Ереванда шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, Ереванда көчөгө чыккан жактоочуларына нааразылык акцияларын токтотууну өтүндү. Ал тарапкерлерин жума күнү борбордогу Эркиндик аятына топтолууга чакырып, анда президент менен жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берээрин билдирди.

Азыркы президент Серж Саркисян жеңген шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылык билдирген оппозициянын бир нече миң жактоочусу бейшембиде борбор Ереванда топтолгон. Алар шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышын талап кылып жатышкан.

Ушул дүйшөмбүдөгү шайлоонун натыйжасында Саркисян добуштардын 58 пайыздан ашыгын, Хованнисиан болсо 36 пайызын алган.

XS
SM
MD
LG