Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Сот жөө күлүк Оскар Писториусту күрөөгө бошотуу маселесин карайт


Түштүк Африканын соту өткөн бейшембиде сүйлөшкөн кызын өлтүрдү деп шектелген паралимпиада атлети Оскар Писториусту күрөөгө эркиндикке чыгаруу боюнча чечим кабыл алат. Ушул жумада соттун жүрүшүндө айыптоочулар Писториус сүйлөшкөн кызы, 30 жаштагы модель Рева Стенкампты өз үйүндө атып салган деп айып тагышты. Жөө күлүктүн адвокаттары Стенкамптын өлүмүн кокустук болгон деп, аны күрөөгө бошотууну суранышууда. Писториус да өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай жатат. Ал түн ортосунда капысынан кирип келген сүйлөшкөн кызын каракчы деп катары санап, коркуп ок чыгарганын билдирүүдө.

Эки бутунун тең тизесинен ылдый жагы ампутацияланган 26 жаштагы Писториус өз өлкөсүндө тирүү легендага айланган эле. Ал майыптыгына карабай, кесилген буттарын тизесинен ылдый улаган жабдуунун жардамы менен чуркап, кадимки Олимпиадага катышкан. Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатында байге алган.

XS
SM
MD
LG