Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:04

Атамбаев: Улуттук кызыкчылыктарды коргоого үйрөнүшүбүз керек


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Мекенди коргоочулар күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат. “Биздин ыйык милдетибиз – Кыргызстанды сактап калуу. Элибиз тынчтыкты жана туруктуулукту тилеп турат. Биз биргелешип Мекенди сактоого жана улуттук кызыкчылыктарды коргоого үйрөнүшүбүз керек”, - деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчы кыргыз куралдуу күчтөрүн замандын талабына ылайык кылууга бардык күч-аракет жумшаларын белгилеген.

23-февраль - Мекенди коргоочулар күнү катары Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет. Бул күндүн урматына бүгүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG