Ички иштер министри Шамил Атаханов кызматтан кетип, анын ордуна генерал-майор Абдылда Суранчиев келди. Бул маалыматты “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев тастыктады.
63 жаштагы Абдылда Суранчиев 1993-96-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө жетекчи, 1996-2002-жылдары Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеп, 2005-жылга чейин министрдин орун басарылык кызматын ээлеп келген.
Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогуловдун "Азаттыкка" айтымында, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Атахановду кызматтан алуу сунушун канааттандырды. Азырынча экс-министр кайсы жумушка которулганы айтыла элек.
Шамил Атахановдун кызматтан кетүүсү боюнча имиш сөздөр көптөн бери эле чыгып келаткан. 31-январда Атаханов кызматтан бошотуу тууралуу рапорт жазганын Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов айтып чыккан. Расмий булактар бул маалыматты ырасташкан эмес. (КЕ)