Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:34

Борбордук жаңы мечитти курууда талаш чыкты


Бишкек шаарын жашылдандыруучу “Зеленстрой” ишканасы мечитти куруу учурунда 22 бак мыйзамсыз кыркылган деп, муфтиятка айып пул салган. Аны толук төлөп бербегени үчүн прокуратура иш козгоп, тергөөнү Бишкек милициясына өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн жаңы мечитти курууга арналган жыйында айтылды. Муфтият өздөрүнүн банк эсеби соттун чечими менен камакта турганына байланыштуу айып пулду толук төлөп бере албаганын билдирүүдө.

Бишкек шаарындагы жаңы мечит Жибек Жолу көчөсүндөгү мурдагы Ысык-Көл кинотеатрынын ордуна курулат. Азыр анын жертөлөсү бүтүп калды, ал эми жалпы курулуш 2016-жылы бүтөт деп болжолдонууда. Курулуштун 70 пайыз чыгымын Түркиянын Дин иштери министрлиги мойнуна алган. (КЕ/ZB)

XS
SM
MD
LG