Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Атамбаев: Жаңы ГЭСтерди куруу боюнча ишти тездетүү керек


Бул тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовду кабыл алган учурда билдирди. Президент парламент Жогорку Нарындагы гидроэлектрстанциялар каскадын, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууларды ратификациялагандан кийин министрлик бул долбоорлорду конкреттүү ишке ашыруу боюнча ишти тездетиши керектигин белгиледи.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча өткөн жылы сентябрь айында макулдашкан. Бул келишимди кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары жактырды. Бирок айрым депутаттар Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбесин айтып, каршы пикирлерин билдирип келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG