Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:08

Ирандын жаңы центрифугалары өлкөгө кысымды күчөттү


Ирандын центрифугалары жөнүндөгү Бириккен улуттар уюмунун билдирүүсүнөн кийин Тегеранга кысым күчөдү. Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги - МАГАТЭ бейшемби күнкү докладында Натанз ишканасында орнотулган жаңы центрифугалар Иранга атомдук куралга зарыл байытылган уранды алууга мүмкүндүк берери көрсөтүлгөн. Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуланддын билдиришинче:

“Жаңы центрифугаларды орнотуу кырдаалды курчутарын жана Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши менен МАГАТЭнин директорлор кеңешинин тийиштүү резолюциялары боюнча Иран өз милдеттенмелерин бузуп жатканын күбөлөйт. Бул дагы бир чагымчыл кадамды билдирет”.

Британия да Тегерандын жаңы центрифугаларды ишке киргизүүсүнө терең тынчсызданганын билдирди.

Иран ядролук курал жасаганга умтулбаганын, уранды тынчтык максатында гана байытарын маалымдады.

26-февралда Алматыда Ирандын жана АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франциянын өкүлдөрү кездешет. Жолугушууда Ирандын ядролук программасы талкууланат.

XS
SM
MD
LG