Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

ОшМУ Чарбактагы мектепти камкордукка алмакчы болду


Баткен областынын Өзбекстан менен чек аралаш жайгашкан Чарбак айылындагы Аркабай Топчуев атындагы мектепти Ош мамлекеттик университети камкордукка алып, ар тараптан колдоо көрсөтмөкчү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков "биз бул мектептин мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн ар түрдүү семинар, тренингдерди уюштурууну, усулдук адабияттар жана адистер менен камсыздоону, колдон келген материалдык жана техникалык колдоо көрсөтүүнү, мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларына тапшыруусуна мыйзам чегиндеги кеңеш берүү, даярдоо сыяктуу жардам беребиз. Мамлекеттин чек арасында сактоодо түрдүү кыйынчылыктарга карабай ушул жерде жашап, өз салымдарын кошуп жатышкан мекендештерибизге бардыгыбыз ар кандай колдоо көрсөтүшүбүз керек деген ойдомун", - деди.

ОшМУнун жамаатынын атынан аты аталган мектепке 140 миң сомдук жардам берилди.

Маалыматка ылайык, аталган демилге билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору Баткендин чек ара аймагындагы Чарбак жана Бөжөй айылдарындагы мектептердин абалы менен таанышып, гуманитардык жардамдарды тапшыруу учурунда көтөрүлдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG