Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:16

Жалал-Абадга жаңы учак каттам ачылат

1-марттан тартып, Жалал-Абадга жүргүнчүлөрдү ташуучу төртүнчү учак каттамы иштейт. Ал Бишкек-Караван-Жалал-Абад, Жалал-Абад-Караван-Бишкек багыттары боюнча каттайт. Жаңы учак каттамы өз багыты боюнча учуп баратып жана андан кайтаарда Аксы районунун борбору Кербен шаарына конуп, токтоп өтөт. Бул тууралуу “Скай-Бишкек” авиакомпаниясынын башкы директору Жумабек Абдылдаев билдирди. Маалыматка ылайык, компания өлкөнүн ички аймактарына учуу акысын 300 сомдон 500 сомго дейре арзандатууну чечти. Буга дейре Жалал-Абадга аптасына үч жолу аба каттамы болуп турган. (YA)
XS
SM
MD
LG