Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Жалал-Абадда жоокерлерге арналган иш-чара өттү


Жалал-Абадда Мекен коргоочулардын күнүнө байланыштуу салтанат облустук Барпы атындагы театрда өттү. Ага шаардагы ички аскердик бөлүк менен аскер комиссариатынын, облустук жана шаардык ички иштер кызматтарынын, Ооганстанда кызмат өтөгөндөрдүн, Баткен окуясында Мекен чегин кайтаргандардын, Экинчи дүйнөлүк согуштун жана эмгектин ардагерлери катышты.

Мыкты кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жергиликтүү бийликтин ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары тапшырылды. Майрамдык программаларды шаардык жана облустук бийликте, мекеме-уюмдарда иштеген кыз-келиндер уюштурду. Мекенди коргоочулар күнү кыз-келиндердин куттуктоо, ыр-бийлери менен коштолду. (YA)

XS
SM
MD
LG