Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:18

Обама Нигерге дагы 40 аскер жөнөттү


АКШ президенти Барак Обама Түндүк Африкадагы терроризмге каршы күрөшүүгө көмөктөшүү максатында Нигерге америкалык 100 аскер жөнөттү. Обама Конгресске жума күнү жолдогон катында шаршемби күнү Нигерге барган 60 аскерге кошумча 40 жоокер жөнөтүлгөнүн билдирди. Алар коңшулаш Малиде исламчыл согушчандарга каршы согушуп жаткан француз аскерлерине жана башка региондогу өнөктөштөргө чалгындоо маалыматтарын чогултууга көмөктөшөт деп көрсөтүлөт катта. Пентагон Түндүк Африкадагы Ислам Магрибдеги “ал-Каида” уюму менен анын союздаштарынын кыймылын көзөмөлдөө үчүн Нигерге пилотсуз учактарды жөнөтүү жагын караштырууда.

XS
SM
MD
LG