Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Азербайжан диний адабияттарды сатууну катуу көзөмөлгө алды


Азербайжан парламенти "Диндер жөнүндөгү" мыйзамга түзөтүү киргизди. Ага ылайык, диний китептерде, видео жана аудио тасмаларда, дисктерде аларды өлкөдө сатууга уруксат берилген атайын белгиси болсо гана сатуу мүмкүн. Диний товарлар, жаңы мыйзамга ылайык, атайын жайларда гана сатылат. Азербайжан парламентинин төрагасы Октай Асадовдун айтышынча, бул чара диний экстремизмди үгүттөгөн материалдардын сырттан келүүсүнө бөгөт койууга багытталды. Азербайжан дүниябий өлкө. 9 миллиондон ашуун элинин басымдуу бөлүгү - шиит мусулмандары.

XS
SM
MD
LG