Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Бүгүн - Мекенди коргоочулар күнү

Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ куттуктоо жолдошту.

Мекенди коргоочулар күнүн утурлай кечээ Ош шаарындагы №3 М. Ломоносов атындагы мектеп-гимназияда “Жаш чек арачылардын классы” ачылды. Кыргызстандын Чек ара кызматынан маалымдашкандай, классты ачуу жаш жеткинчектерге аталган кызматтын тарыхы менен тааныштыруу, аларга аскердик-атуулдук тарбия берүү максатында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын каржылоосунда уюштурулду. Мындай класстар чек ара отряддары жайгашкан бардык аймактарда ачылмакчы деп айтылат маалыматта.

23-февраль Мекенди коргоочулар күнү катары Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет. (ZKo)
XS
SM
MD
LG