Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча сот өкүм чыгарды


Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн деген шек менен кармалып, айыпталып жаткан Алтынбек Итибаевди Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту өмүр бою эркинен ажыратты. Сот өкүмү 22-февралда жарыяланды. Ал эми дагы бир айыпталуучу Мурасбек Маташев жасаган ишинде кылмыш курамы жок деген себеп менен эркиндикке чыкты.

Алтынбек Итибаевдин жактоочулары жана жакындары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө нааразылыгын билдиришүүдө. Итибаевдин агасы Медер Итибаев райондук соттун өкүмүн жокко чыгаруу арызы менен жогорку сот бутагына, Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын “Азаттыкка” билдирди.

ЖК депутаты, “Ак Жол” партиясынын мүчөсү Санжар Кадыралиев 2009-жылдын 14-апрелинде Бишкектеги үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG