Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


23-февралдан 25-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жолдорунда Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265 км), Каракол-Эңилчек (45-90 км), Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 км) жолунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардагы жолдордо унаа айдоочулар ортодогу аралыкты 500 метрден кем эмес сактоого тийиш, деп билдирет аба ырайын маалымдоочу кызматы.

24-февралда Кыргызстандын айрым жерлеринде кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -3..-8 градус суук болуп, күндүзү 2...8 градуска чейин жылыйт. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -3...+3 градус, күндүз 6...12 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз 0...5 градустун айланасында жылыйт. Нарында түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7 градус суук болот. Суусамырда сууктун күчү түнкүсүн -21...-26 градуска чейин жетип, күндүз -7...-12 градуска чыгат. Тоолордо болсо түнкүсүн -19...-24, күндүз -6...-11 градус суук болот.

Бишкекте эртең кар жаайт, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6 градус суук, күндүз 3...5 градус жылуу.

XS
SM
MD
LG