Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Майрам күнү балбан кыздар байге алды


23-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Ремезовдун элесине арналган эл аралык турнир жыйытыкталды. Мында Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстандан келген балбан кыздар күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында келечегинен үмүткөр кылган жаш балбан кыздар Альбина Өскөнова, Перизат Жуманазарова, Жаркынай Көчөрбай кызы, Юлия Фелесеева, Эмиля Рахимова баш байгенин ээлери болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” эркин күрөш федерациясынын башкы катчысы Айбек Акматов маалымдады.

24-февралда жигиттер арасында эркин күрөш таймаштары уланат. (ZKo/KMa)

XS
SM
MD
LG