Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жер титирөө 22-февралда саат 22:21де Алай тоо кыркаларында байкалды. Силкинүүнүн очогу Алайдын Сопу-Коргон айылы болгон, жер титирөөнүн күчү бул жерде 3,5 баллды түзгөн. Жер титирөөдөн кыйроолор жана жапа чеккендер жок. (ZKo)