Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:04

Баткен райондук акимчилигине кылмыш иши козголду


Баткен облусунун Баткен райондук акимчилигине кылмыш иши козголгонун УКМКдан өткөн жумада айтышты. Райондук акимчилик 2011-жылы мамлекеттен бөлүнгөн кражатты туура эмес пайдаланган деп шектелүүдө. Чек арадагы жергиликтүү калктын көчүүсүн, үйлөрдүн сатылуусун азайтуу максатында бөлүнгөн 10 миллион сом акимчиликтин кызыкчылыгындагы имаратты сатып алууга кеткени айтылууда. Турак-жайларды сатып алуу боюнча ошол кезде түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, азыр өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков каражатты сарптоодо мыйзам бузулбаганын билдирди.

Баткен облусу боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы 100дөн ашык үй тажик жарандарына сатылып кеткен. Өкмөттөн бөлүнгөн каражатка ал жеке турак-жайлар кайра сатылып алуу керек эле. (JsA/AKu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG