Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Москвада кыргыз маданий клубу ачылды


Москвада кыргызстандыктар "Зирек" деген аталышта клуб ачышты. Ал жерде демилгелүү жарандар чогулуп, мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдарга сабак өтүшөт. Кыргыз маданиятын жайылтуу максатын көздөгөн бул клубда ар жекшемби күнү Москвада жашаган кыргызстандыктардын балдары кыргыз тили, маданияты, салт-санаасы, турмушу тууралуу окуп кетишет. Уюштуруучулар сабактарды өздөрү акысыз берип, ага каалочулардын баары жазыла алат. Клубдун интернет сайты да бар.

XS
SM
MD
LG