Ош шаар мэринин мөөнөтү ушул жылдын февраль айынын башында бүткөн. Мэрди шайлоо тууралуу президенттин буйругу чыкпаганына байланыштуу шайлоо мөөнөтү белгисиз. Мелис Мырзакматов азыр мэрдин милдетин аткаруучу катары иштеп жатат.
Мыйзамга ылайык, Ош шаарынын мэри шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардык кеңештин мөөнөтү бүткөнгө чейин шайланат. Мэрлик кызмат бош деп жарыялангандан кийин 30 күндүк ичинде шайлоо өтүп бүтүш керек. Шаар мэрлигине талапкерди премьер-министр сунуш кылалат. Азыр “Ош шаарынын статусу” тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда. Ай башында ага мэрия жана мэрдин ишмердүүлүгү тууралуу беренелерди кошуу керектиги тууралуу айтылган. (AKu)