Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Апрель окуясы боюнча сотто тергөө материалдары каралат


Шейшемби күнү апрель окуясы боюнча сот уланат. Бул тууралуу жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди. Өткөн жылдын күз айларына чейин жабырлануучулар жана алардын күбөлөрү суралган. Азыр айыпталуучулар суралып бүттү. Шейшемби күнү кошумча күбөлөр көрсөтмө берет жана тергөө ишинин материалдары каралат.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Учурда Бакиевдер баш болгон айыпталуучулардын бир нечеси издөөдө. Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. Ишти Бишкек гарнизондук аскер соту кароодо. (AKu)

XS
SM
MD
LG