Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Болгарияда жакырчылыкка каршы демонстрациялар өттү


Миңдеген болгарлар бүгүн өлкө боюнча демонстрацияларга чыгышты. Өкмөттүн сарамжал программасына жана жакырчылыктын жогору чекке жетишине каршы өткөн аптадагы чыгуулардан улам премьер-министр Бойко Борисов бүт кабинети менен отставкага кеткен эле. Президент Росен Плевнелиев баш калаа Софияда демонстранттарга жаңы өкмөт түзүлгөндө алардын суроо-талаптары көңүлгө алынат деп сөз берди. Софияда 10 миңдей киши көчөгө чыкты. Ал эми Варнада 30 миң, Пловдив, Добричте миңдеген адамдар демонстрацияларга катышканы кабарланууда. Болгария Европа Биримдигиндеги эң жарды мамлекеттердин бири.

XS
SM
MD
LG