Транспорт прокурору Кубанычбек Мамакеевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, Бишкектеги Ленин райондук соту Кыргызстанга Ооганстандан учуп келген тик учактар боюнча кылмыш ишти 28-февралда карай баштайт. Буга чейин аталган прокуратура иликтөөнүн жүрүшүндө эл аралык деңгээлде көз боёмочулук менен шугулданган топ ашкереленгенин билдирген. Топтун башында Пакистанда туулган, дагы башка беш өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн Билал Насир Малик деген адам турары, анын Кыргызстандагы шериги - жарандык авиациянын мурдагы кызматкери Сергей Шурпа экени айтылган.
2011-жылы жайында Ооганстандан үч тик учак чек арадан мыйзамсыз өткөн, тиешелүү документтери болгон эмес, аткезчилик кылган деп камакка алынган эле.
Натыйжада Жарандык авиациянын мурдагы жетекчиси Нурдин Жолдошев баш болгон 11 адамга айып тагылган. Жолдошев бул тик учактар Кыргызстанга оңдоп-түзөтүү үчүн учуп келгенин айтып, өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагууда. (EBM)