Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:20

Орусияда чылым чегүүгө каршы мыйзам кабыл алынды


Орусия президенти Владимир Путин коомдук жайларда чылым тартууга тыйуу салган мыйзамга кол койду.  1-июндан күчүнө кирчү мыйзам коомдук транспортто, автобус жана темир жол бекеттеринде, метронун элеваторунда, кеңселерде, билим берүүгө жана саламаттыкка байланыштуу бардык жайларда тамеки тартканга тыйуу салат.  2014-жылы 1-июндан кемелерде, поездерде, мейманканаларда, кафе-ресторандарда да чылым чегүү токтотулат. Жаңы мыйзам чылымды жарнамалоого, тамеки чыгарчу компаниялардын маданий иш-чаралардын демөөрчүсү болгонуна да уруксат бербейт.
Орусия тамеки чегүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган өлкөлөрдүн бири. Калкынын 40 проценти чылым тартат.

 

XS
SM
MD
LG