Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:29

Түштүк Кореянын биринчи аял президенти ишке киришти


61 жаштагы Пак айым бүгүн Сеулда Улуттук ассамблеяда он миңдеген эл алдында президент катары ант берди. Ал салтанаттан кийинки сөзүндө Түндүк Кореяны ядролук программасынан баш тартканга жана чектелүү каражатты армияны күчтөндүргөнгө сарптабаганга үндөдү. Мурдакы президенттерден өзгөчөлөнүп, 15 мүнөт гана сөз сүйлөгөн Пак айым “экономикадагы демократияга” жетишебиз жана “элдин жыргалчылыгын” жакшыртабыз деп убада кылды. Акыркы жылдары Кореяда байлар менен жардылар арасындагы ажырым өтө чоңоюп кеткен.

Пак Кын Хе Түштүк Кореянын 1961-79-жылдары башкарган Пак Чжон Чинин тун кызы.

XS
SM
MD
LG