Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Ikea 14 өлкөдө жылкы эти кошулган азыктарды сатууну токтотту


Шведдердин үй эмеректерин жасоочу “Ikea” компаниясы жылкы этине байланыштуу чатактан улам Европанын 14 өлкөсүндө фрикаделька жана тефтельканы сатканды токтотту. Дүйшөмбү күнү Чехиянын Брно шаарындагы “Икея” дүр-дүйнө дүкөнүндө сатылган фрикаделькалар жылкы эти кошулуп жасалганы аныкталганы маалымдалды. Ушундай кийин компаниянын өкүлү Илва Магнуссон айым ошол партияда жасалган фрикаделькалар Швеция, Чехия, Словакия, Венгрия, Франция, Британия, Португалия, Италия, Нидерландия, Белгия, Испания, Кипр, Грекия жана Ирландияда чогултуп алынганын кабарлады. Эт азыктарына жылкы эти кошулганы Европада өткөн айда аныкталгандан кийин бир катар продукциялар сатыктан алынып, тамак-аш өндүрүшү иликтене баштаган.

XS
SM
MD
LG