Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Кыргызстандык тигүүчүлөр Москвадагы эл аралык Мода көргөзмөсүнө катышат


СРМ - Collection Première Moscow деген аталышта бүгүн баштала турган эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын тогуз тигүү ишканасы “Кыргызстанда сооданы өнүктүрүү” программасынын колдоосу менен катышмакчы. Бул тууралуу программаны менеджери Индира Кадырканова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, иш-чарага катышуучу ишканалар жалпы “Кыргызстанда жасалган” деген брэнд менен чыгышат.

Москвадагы эл аралык Мода көргөзмөсүнө Кыргызстандан «Diva Style», «Rusol», «E-line moda», «Lila Style», «Prima Vera», «Ardamina», «Nazik», «Credo Fashion», «Bermet» аттуу ишканалар катышат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тигүү тармагында 160 миң киши эмгектенет, алардын ичинде 80% ашууну – аялдар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG