Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Иран “Арго” тасмасын “антииранчыл” деп айыптоодо


Ирандын Ислам жана маданият министри Мухаммед Хоссейни дүйшөмбүдө Оскар сыйлыгын алган тасма көркөм баалуулуктардан аксайт деп билдирсе, мамлекеттик телеканал тасманы “ЦРУнун рекламасы” деп жарыялады. Ал эми жарым расмий “Мехр” маалымат агенттиги Голливуд баш байгени “Арго” тасмасына берүү менен саясий буйрукту аткарды деп жазып чыкты. Тасма Ирандын бир да кинотеатрында көрсөтүлгөн жок.

Бен Аффлек тарткан “Арго операциясы” тасмасы 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан кийин Ирандан америкалык дипломаттардын куткарылышы тууралуу баяндаган фильм. Тасма буга чейин “Алтын глобус” сыйлыгына ээ болгон, кечээ Оскар сыйлыгына “Эң мыкты тасма” катары татыды.

XS
SM
MD
LG