2009-жылкы шайлоодон кийин камакка алынган жарандардын өлүмүнө байланыштуу жоопкерчиликке тартылып жаткан Муртазавини жана дагы эки кишинин соту бүгүн болот. Аларга оппозиция мүчөлөрүн Каргизак түрмөсүндө кыйноого алган деген айыптар тагылууда. Президент Махмуд Ахмединежаддын союздашы Муртазави ай башында белгисиз айыптоолор менен камакка алынган. Маалыматтарга ылайык, анын кармалышы Ахмединежад менен каршылаштарынын бийлик үчүн күрөшүнө байланыштырылууда.
Саид Муртазави буга чейин журналисттерди жана блоггерлерди соттогону үчүн “басма сөздүн касапчысы” деген каймана атка ээ болгон. Ал фотокорреспондент Захра Казэминин өлүмүнө да күнөөлүү деп айтылып жүрөт.
2010-жылы Ирандын парламенттик комиссиясы Каргизак түрмөсүндө өлгөн кишилер оорудан эмес, кыйноодон өлгөнүн ырастап, буга айыптуу кишилердин жоопко тартылуусун талап кылган эле.