Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Депутаттар кыргыз-өзбек чек арасындагы айылдарды кыдырууда


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган он чакты депутат бүгүн Баткендин кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан айыл тургундары менен жолугууда. Кабарчыбыздын айтымында, ушу тапта депутаттар Чарбак айылындагы абал, элдин жашоо-шарты менен таанышып жүрөт. Түштөн кийин Согментке барат.

Быйыл жыл башында Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Чарбак кыргыз айылында чек ара чатагы чыгып, отуздай кыргызстандыкты Сох тарапта бир сутка барымтада кармап турушкан. Эртеси айрымдарын уруп-сабап коё беришкен. Жаңжал учурунда чарбактыктар материалдык чыгымга да дуушар болгон.

Ошондон кийин өкмөт чек арадагы элдин көйгөйлөрүн чечүү үчүн 350 миллион сомдой акча бөлгөн. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG