Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Евробиримдик Иран менен сүйлөшүүгө көп үмүт артпайт


Алматыда Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр өтүүдө. Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы дүйнө державалары жолугушуунун маанилүү бир келишим менен аяктаарын күтпөйт деп билдирди. Эштон АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Греманиянын атынан Тегеран менен бул жааттагы алакаларды тескейт. Сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы мындан 8 ай мурун Москвада өтүп, жыйынтыксыз аяктаган. Алматыда жогоруда сөз болгон 6 өлкө Иранды уран байытуу процессинен баш тарттыруу үчүн жаңы сунуштарын киргизет деп күтүлүүдө. Иран уран байытуу жалаң тынчтык максаттарын көздөөрүн айтып, атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген дооматтарды четке кагууда. Алматы жолугушуусу эртең да уланмакчы.

XS
SM
MD
LG