Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети өлкөдөгү диний кырдаал жана диний билим берүү маселесине арнап парламенттик угуу өткөрөт. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, талкуу 5-мартта өтөт. Аны уюштурууга АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча USAID агенттиги көмөктөшүүдө.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда азыр иштеп жаткан диний окуу жайлардын бири да (1 университет, 8 институт, 60тан ашуун медресе) мамлекеттик аккредитациядан өтө элек. (RK)
Адистердин айтымында, Кыргызстанда азыр иштеп жаткан диний окуу жайлардын бири да (1 университет, 8 институт, 60тан ашуун медресе) мамлекеттик аккредитациядан өтө элек. (RK)