Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Казакстанда "Таблиги жамаат" уюмуна тыюу салынды


Астана шаарынын соту “Таблиги жамаат” исламчыл тобуна тыюу салды. Казакстандын Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, уюм экстремисттик мүнөзгөө ээ деп табылды жана анын Казакстан аймагындагы ишмердүүлүгү мындан ары мыйзамсыз болуп саналат. Сотто топ пропагандалаган идеялар тууралуу айтылып, бирок кайсылары экстремисттик деп табылганы так көрсөтүлгөн жок. “Таблиги жамаат” диний кыймылы 1926-жылы Индияда түптөлгөн жана өзүн тынчтык идеяларын жактаган, саясатка аралашпаган уюм деп атап келет. Буга чейин бул топко Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан тыюу салынган. Былтыр Тажикстанда уюмдун бир нече мүчөсү абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG