Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Маданият жана туризм министринин милдетин Кожогелди Кулуев аткарат


Мындай буйрукка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Ага ылайык өкмөттүн жаңы түзүмү түзүлгүчө, Кулуев министрдин милдетин аткаруучу болот.
Ал эми жаштар, эмгек жана элди жумуш менен камсыз кылуу министринин милдетин аткаруучу болуп Алиясбек Алымкулов өзү дайындалды.

Бүгүн жаштар, эмгек жана элди жумуш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов менн маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовду кызматтан алуу тууралуу президенттин жарлыгы чыккан. Алар премьер-министрдин сунушуна жана өкмөттүн структурасы өзгөргөнүнө байланыштуу иштен бошогону айтылды.

Өткөн аптада өкмөт түзүмү өзгөргөн. Күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган вице-премьер-министрлик кызмат ачылган. Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция тармагы Эмгек жана жаштарды ишке орноштуруу министрлигине берилген. Туризм жана маданият министрлигине маалымат саясаты кошулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG