Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

НАТО "Талибан" менен кагылыштардын санын көрсөтүүдө ката кетирген


АКШнын Ооганстандагы аскер командачылыгы "Талибандардын" активдүүлүгү тууралуу маалыматта катачылык кеткенин моюндады. НАТОнун вебсайтына “2012-жылы талибдер менен кагылышуу 7% азайды” деп жарыяланган эле, бирок кийинчерээк бул маалымат сайттан алынган. Антитеррордук коалициянын аткаминерлери НАТО оңдолгон маалыматтарды жарыяларын билдирүүдө. Ага ылайык, былтыр согушкерлердин чабуулдары мурунку жылдан өзгөрүүсүз калган. "Талибан" аракетинин азайуусу адатта НАТОнун Ооганстандагы ийгилиги катары кабыл алынат.

Көпчүлүк өлкөлөр 2014-жылдын аягына чейин Ооганстандан аскер күчтөрүн алып чыгып кетишмекчи.

XS
SM
MD
LG