Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Президент Атамбаев жапон императору Акихито менен жолукту


Жапонияда расмий сапарда жүргөн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн эртең менен жапон императору Акихито менен жолукту. Ыраазылык сөздөр айтылып, эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу пикир алмашуу болду.

"Азаттыктын" кабарчысы Канымгүл Элкееванын Токиодон билдиришинче, бүгүн мамлекет башчы Жапония премьер-министри Синдзо Абэ жана парламенттин өкүлдөр палатасынын спикери Бунмэй Ибуки менен да жолугат.

Ушул эле күнү соода-экономикалык, билим берүү, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу багытында эки тараптуу меморандумга кол коюлат. Мындан сырткары Кыргызстан менен Жапония өкмөттөрү Бишкек - Ош жолундагы Көкарт көпүрөсүн калыбына келтирүү боюнча долбоорго кол коет деп күтүлүп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев Жапонияга 26-февралда жөнөп кеткен. Эки күндүк сапар маалында мамлекет башчы жапон журналисттеринин суроолоруна жооп берип, бир катар маданий иш-чараларга катышат. (КЕ/RK)

XS
SM
MD
LG