Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Бишкекте өзбекстандык качкын Шухрат Мусин дайынсыз жоголду


Бишкекте өзбекстандык качкын Шухрат Мусин дайынсыз жоголду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жубайы Барно Гайбердиева кабарлады. Айтымында, 2008-жылдан бери качкын макамы менен Бишкекте жашап жүргөн өзбекстандык Шухрат Мусин 18-февралда үйүнөн чыккан бойдон белгисиз. Күйөөсүнүн жоголгонуна байланыштуу Гайбердиева Бишкектин Свердлов райондук милициясына кайрылган.

29 жаштагы Шухрат Мусин Өзбекстандын Анжиян облусунан болот. Гайбердиеванын айтымында, анын жолдошу мекенинде "Өзбекстандын ислам кыймылы" деп аталган тыюу салынган уюмдун мүчөсү деген айып менен куугунтукка кабылган.

Ал эми айрым укук коргоочулардын маалыматында, ал 2005-жылдагы Анжиян окуяларына катышканы үчүн өз өлкөсүнүн күч органдарынын куугунтугуна кабылып, 2007-жылы Кыргызстанга качып келген. Андан соң кыргыз бийлигине жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарына кайрылып, качкын макамын алган. 2011-жылы Өзбекстан Мусинди өткөрүп бергиле деп Кыргызстанга кайрылган, бирок Башкы прокуратура бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG